Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо "Алай" менен "Дордой" Суперкубок үчүн беттеш өткөргөн. Анда "Дордой" 2:1 эсебинде жеңип, өз тарыхында 4-ирет Суперкубоктун ээси болду.
Финалдык ышкырык жаңыргандан кийин стадиондогу күйөрмандар "Дордой" оюнчуларына бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.
Кыргыз Премьер-Лигасында "Алай" 34 упай менен 1-орунда келе жатса, 2-орунда 29 упай менен "Дордой" келе жатат.