Чоң Чүй каналынан белгисиз аялдын жансыз денеси табылды. Милиция анын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт

Бишкектеги Чоң Чүй каналынан 30-35 жаш чамасындагы аялдын жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун денеси 6-июль күнү Осмонкулов көчөсүнөн табылган. Анын денесинде эч кандай күч колдонуу белгилери болгон эмес.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Маркумдун өзгөчө белгилери: бою 160-165, чачы күрөң, курсагында 7-8 сантиметрлик тырык, оң колунда ак тагы бар.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка.

Жогорудагы аялдын аты-жөнүн аныктоого милиция жардам сурайт. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, Бишкек ШИИББинин 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0(702) 498-888, 0(552) 102-743.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ziregim
2019-07-17 14:49:12
Орус окшойт байкуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан