16-июлда ырчы Дайыр Исмадияров "мафия пати" өткөрдү. Ал бул кечени өзүнүн туулган күнүндө уюштурду.
"Бул ирет туулган күнүмдү кызыктуу кылып өткөргүм келип, мафия оюнун уюштурдум. Анткени чыгармачыл адамдар күндө эле концерт, караоке, шеринеге барып ыр, бий менен убактысын өткөрүшөт. Ошондуктан бүгүнкү күндү музыкага байлагым келген жок. Куттуктап келген досторум менен оюн ойноп, кечени шаңдуу өткөрүп жатабыз.
16-июлга караган түнү биринчилерден болуп апам куттуктады. Ал атайын Оштон келди. Андан кийин туулган күнүм менен куттуктап чыгармачылыктан тышкары досторум келишти. Алар менен туулган күндү өзүнчө белгиледим. Анткени буга чейин шоу-бизнестен тапкан досторум менен чыгармачылыктан тышкаркы санаалаштарымды чогулткам. Бирок бири-бири менен аралаша албай коюшкан", - дейт ырчы.
Дайыр Исмадияров чыгармачылыктан тапкан досторунун курчоосунда 33 жашын белгиледи. Аны куттуктап алып баруучу Нурзат Токтосунова, ырчылар Гүлназ Чыныбек кызы, Алмаз Шаадаев, KG Элмурат, Добр, Нурлан Насип, Данияр Эрматов, Нурмат Садыров жана башкалар келишти.
Дайырга айтылган каалоо-тилектер:
"Эр жигиттин бойдок жүргөнү жакшы эмес. Сенин үй-бүлө куруп, бактылуу болушуңду каалайм. Ошондуктан эртерээк үйлөн".
"Дайырды көп мактаганга болбойт. Мактап койсо өзүн "ажыдаар" сезип алат".
Ырчы 1986-жылдын 16-июль күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айылында төрөлгөн.
Көпчүлүккө "Сүйөм сени”, “Студенттик күндөр”, "Ананай", "Кара көз" жана башка чыгармалары менен элге танылган ырчы КАУнун психология факультетин аяктаган.
Дайыр 2016-жылдын сентябрь айында Жанара аттуу бийкечке баш кошуп, бир уулдуу болгондон кийин жаш жубайлар ажырашып кетишкен.