"Аймактарды өнүктүрүү тууралуу айтканда, эң ириде айыл чарбасын өнүктүрүүнү ойлойбуз" деп бүгүн, 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Таза-Жан" айыл чарба кооперативинин базасында өткөн республикалык семинарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.
Өкмөт башчы өз сөзүндө белгилегендей, көптөгөн жылдар бою айыл чарба тармагына мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келгендиктен бүгүн тармакта чечилбеген маселелер көп.
"Калкыбыздын 70 пайызы айыл жеринде жашайт жана бул багытта алектенет. Өкмөттүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири – тармактын өтө зарыл маселелерин чечүү. Ата мекендик айыл чарбанын негизги көйгөйлөрүнүн бири катары асыл тукум чарбасынын начар өнүгүүсүн жана багбанчылык үчүн жакшы үрөндөрдүн жоктугун белгилөөгө болот.
Биздин дыйкандар эмгекчил жана иштегенди билишет. Бирок өндүрүлгөн продукциянын сапаты жакшы эмес. Сапаттуу үрөнсүз дыйкандардын эмгеги акталбайт. Жакында мен жумуш сапар менен Талас облусуна бардым. Ал жакта өзүңүздөр билгендей, негизинен төө буурчак өстүрүшөт. Бир гектардан дыйкандар орточо эсеп менен бир тонна төө буурчак алышат. Бул жакшы, бирок биз аларга жардам берели деп Түркиядан үрөндүн жаңы түрлөрүн алып келдик. Эми түшүм кандай болорун күтүп жатабыз. 1 гектардан 4 тоннага чейин төө буурчак жыйнап алуу пландалууда. Бул буга чейинки жылдардын көрсөткүчтөрүнө караганда төрт эсе көп. Мал чарбасы чөйрөсүндө дагы колдоо чараларын күчтөп жатабыз, ирригацияны өнүктүрүү боюнча чоң пландар бар. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселени жеке көзөмөлүнө алып турат, өкмөт жаңы бассейндерди жана каналдарды куруу, учурда болгон ирригациялык түйүндөрдү тазалоо, сугаттын жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча чараларды көрүүдө", – деди Абылгазиев.
Өкмөт башчы ошондой эле малчыларды жана дыйкандарды бир кыйла активдүү болууга, мамлекет тарабынан айыл чарбасын жеңилдетип каржылоого бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жетишүүгө чакырды.
Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Мухаммедкалый Абылгазиев дыйкандарга айыл чарба техникасын лизингге алууга сертификат тапшырып, айыл чарба продукциясынын көргөзмөсүн көрүп чыкты.