Ырчы Аско экинчи ирет ата болду. Ал бүгүн, 17-июлда саат 06:50дө уулдуу болгонун билдирди. Жагымдуу кабары менен бөлүшкөн ырчы кызы жана уулу үчүн жубайына ыраазы экенин айтты.
Жубайы Бегайым экөөнүн ортосунда 2 жашар Дария аттуу кызы бар. Ырчы "Болсоң жубай" деген ырын аялына, ал эми "Дария" аттуу ырын кызына арнаганын айткан.
Мындан тышкары ырчынын репертуарында "Арнаймын", "Сүйөмүн дечи", "Шекер кыз", "Чыгыш жомогу" (Чолпонай менен бирге), "Өмүр белеги" (Айя Садырова менен бирге) өңдүү ырлары бар.