"Катар-2022" Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн Кыргыз курама командасынын тандап алуу оюндарындагы атаандаштары аныкталат

Бүгүн, 17-июлда Куала-Лумпурда Азия футбол конфедерациясы тарабынан "Катар-2022" Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын экинчи баскычынын чүчү кулагы өткөрүлөт. Анда Азиянын 40 курама командалары ФИФАнын рейтингине ылайык 5 корзинага бөлүнгөн.

Кыргыз курама командасы 2-корзинада жайгашкан (бул корзинадагы командалар бир тайпага түшпөйт). Командалар жалпы 8 тайпага бөлүнөт.

Биринчи корзина: Иран, Япония, Корея, Австралия, Катар, БАЭ, Сауд Арабия, Кытай

Экинчи корзина: Кыргыз өлкөсү, Ирак, Өзбекстан, Сирия, Оман, Ливан, Вьетнам, Иордания

Үчүнчү корзина: Палестина, Индия, Бахрейн, Таиланд, Тажикстан, Түндүк Корея, Тайбэй, Филиппин

Төртүнчү корзина: Түркмөнстан, Мьянма, Гонконг, Йемен, Ооганстан, Мальдив аралдары, Кувейт, Малайзия

Бешинчи корзина: Индонезия, Сингапур, Непал, Камбоджа, Бангладеш, Монголия, Гуам, Шри-Ланка

Тайпалык оюндардын мыкты 12 командасы (тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 4 мыкты 2-орун алган командалар) 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jeenbek.
2019-07-17 09:57:21
Акшумкарлар бир сенсация кылгылачы
+4
FCB14
2019-07-17 10:59:46
БАЭ, КЫРГЫЗСТАН, Тундук Корея, Сингапур
+1
murat17
2019-07-17 11:22:47
FCB14,тундук корея сингапур булар кучтуу шанс кыйынраак болуп калат
0
kuttubekuzgen
2019-07-17 11:50:40
murat17,Сингапур бешинчи корзинада болсо кантип кучтуу команда болсун?
0
murat17
2019-07-17 14:05:54
kuttubekuzgen,сингапур япония менен тен чыккан оюндары бар
0
FCB14
2019-07-17 12:11:27
murat17,качанкыга чейин славый сброныйлар мн ойной беришет, ойносун такшалышат.
+1
murat17
2019-07-17 14:06:38
FCB14,ойносо ойносун бирок женилиреек болсо жакшы болмок тундук корея опасный
+1
Nazar76
2019-07-17 15:06:17
FCB14,Биздикилерди мин такшалтсан дагы болушу ошол
-1
baatyrbek083
2019-07-17 11:10:47
Ак шумкар алга кыргыз эли силер менен олей олей
0
Topchu83
2019-07-17 11:18:51
1).Кытай
2).Кыргызстан
3).Тайбей
4).Мальдив аралдары
5).Камбоджа
+1
murat17
2019-07-17 11:25:00
Topchu83,ушундай тушсо кытай менен уйдо утсак болот судьялар ак иштесе эле андан кийин тайбей менен мальдив менен тоготпогондой ойнобоо керек ал жерде да бир аз футбол бар
+1
murat17
2019-07-17 11:26:19
кытай кыргызстан тажикстан ооганстан непал десек соонун болот
+1
Eka.kg
2019-07-17 12:25:58
Кыргызча жассаңар корзина эмес себет!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан