SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Анжеликанын "Айта берем" аталышындагы видеоклиби толуктады.
"Бул чыгарманы мага казакстандык продюсер Багым Мухитденова жазып берген. Менин ыр казынамды дагы жаңы чыгарма менен толуктаганы үчүн рахмат. Жакында бул чыгарманы казак тилинде аткарып чыгам", - деген ал.
10-ИЮЛДАН 17-ИЮЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунду - Фарида Карбосованын "Ашыгам" видеоклиби камсыздады.
8-орун - Айжамал Кабылованын "Сүйүү азабы" аталышындагы клибине буюрду.
7-орунду - Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" чыгармасы камсыздады.
6-орунду - Роза Шакированын "Сени менен" видеокомпозициясы ээледи.
5-орун - Нурлан Насиптин "Мадам" аталышындагы чыгармасы үч баскычка төмөндөдү.
4-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы багындырды.
3-орун - Дайыр Исмадияровдун "Каражан" композициясы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Урмат Усенов менен Нелянын "Жанымда бол" клиби ээледи.
1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Асел Кадырбекованын "Телефон" клиби эң көп добушка ээ болуп, апта жеңүүчүсү деп табылды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.