Дайынсыз жоголуп кайра табылган Казак жаранынын үстүнөн скутердин ээси арыз жазды

Ысык-Көл облусунда скутер менен жоголгон Казакстандын жараны М.Аркадийдин үстүнөн скутердин ээси арыз жазды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, скутердин ээси арызды аймактык милиция бөлүмүнө жазган. Арызда Казак жараны скутердин акчасын төлөп берүүсүн талап кылган. Учурда бул иш жарандык иш катары каралууда.

Окуянын чоо-жайы:

53 жаштагы М.Аркадий 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.

16-июлда "Алтын-Көл" эс алуу жайына изделип жаткан жаран келген. Анда М.Аркадий скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткенин айткан. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina
2019-07-17 17:18:56
Скутер негизи 10-15 минутагале беришет. Бул 20 минут журуптур. Канча кишинин баарын убара кылды.
+1
Aza17
2019-07-17 18:19:05
Убакыт акча. Акчасын толоп кааласан бир ай айда. Эчкандай чек жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан