Чолпон-Атадагы 4 адамдын өмүрүн алган кырсык. BMW X7 унаасынын айдоочусу окуя тууралуу айтып берди

7-июлда Чолпон-Ата шаарындагы 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгындагы BMW Х7 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Элдияр Халмурзаев окуя тууралуу буларды айткан.

"Ошол күнү Чолпон-Атадагы ат майдан жактагы кофейнядан Бишкекти көздөй чыктык. Унаада мен жана досторум Темирлан менен Азамат болгон. Өзүбүздүн жол тилкебиз менен баратканда күтүлбөгөн жерден унаа чыкты. Мен унааны оң жакка буруп, жолдун четине чыгайын дедим. Бирок тиги унаа экинчи тилкеге чыга калды. Мен реакция кылганга жетишпей калдым да, ал унааны сүздүм. Коопсуздук жаздыктар иштеп, эс-учумду жоготуптурмун. Андан ары эмне болгонун билбейм.

Мен кофейнядан өзүмө эт, лимон менен суу буюртма бергем. Андан башка эч нерсе буюртма кылган эмесмин. Унаа BMW-борборуна тиешелүү. Биз ошол жактан унааны "жолдомо" аркылуу алып, Ысык-Көлгө келгенбиз.

Сүзүшкөндөн кийин досума жардам берейин деп унаадан чыкканда тизем менен жерге куладым. Эшикте караңгы болчу, таң ата элек эле" .

BMW-борборуна кайрылганыбызда, бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Окуянын чоо-жайы:

7-июлда Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги 4-ооруканага жеткирилген.

Чолпон-Атада 4 адамдын өмүрүн алган кырсык. BMW X7 унаасынын айдоочусу окуя тууралуу эмне дейт?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Chungyz
2019-07-17 12:56:09
Кудайдын бечарасы боло бербегилечи куноонорду мойнунарга алып кечирим сурагыла
+15
Bars88
2019-07-17 12:58:42
Ар кайсы жалганды айта беришип кашасы чыгып кеттиго.Эми БМВ борборунан алганбыз дей баштаптыр
+11
Abdizhapar
2019-07-17 14:19:21
Кудайдын астына барганда жооп беришинерди да ойлонгула
+4
Makain
2019-07-17 14:41:35
Аллах көрүп турат калп айтпагылачы БМВ катуу келген көпкөн балдар тура ХХХХХ балдары.
+6
Dalil
2019-07-17 17:06:56
Ушунча күндөн бери токуган калпыңар ушулбу? Эгер силер белгиленген ылдамдыкты сактасаңар кокус алдыңардан чыккан унааны мынчалык каттуу сүзбөйт элеңер. Лексус кокус бурулуп жол эрежесин бузган чакта да силердин шаар ичинде катуу айдаганыңар үчүн айыбыңар бар. Жок дегенде эркек болуп койгулачы айланайындар ооба катуу бараттык эле деп.
+7
Nevestkaa
2019-07-17 19:26:29
BMWда жалгыз эле чиновниктин баласы бар эле го достору кайдан чыкты?????Бирөөгө оодарып коюшту окшойт.
+3
Aitik
2019-07-18 00:54:11
Жалган сөз көбөйүп кетти. Тезинен сотко өткөрүү керек
0
Karakash
2019-07-18 02:36:04
Калпты суйлобогуло. Торт адамдын жанын жединер. Ылдамдыганар каттуу экени олумдон эле билинип турат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан