Ырчы Курал Чокоев жана актриса Мээрим Атантаева орусиялык тасма жаратуучулардын сериалына тартылып жатат. Тартуу иштери Москва шаарында өтүп жатканын SUPER.KG`ге Курал Чокоев билдирди.
"Биз "Идентификация" деген сериалга тартылып жатабыз. Тасманы тартуу иштери 2 жыл мурда башталган. Буюрса, сериалды тартуу иштери быйыл аягына чыгып, кийинки жылы Орусиянын "ТНТ" каналынан көрсөтүлөт. Аталган сериалда мен терс каармандын ролун жаратам. Ал эми Мээрим Атантаева менин жубайымдын ролунда. Сериал орус улутундагы кыздын Кыргыз жигитине турмушка чыгып, динин өзгөртүүсү тууралуу болот", - деди ал.
Аталган сериалга сынак аркылуу режиссёр Эрнист Абдыжапаров, актрисалар Сайра Эсенбаева, Мээрим Атантаева, актёр Анвар Осмоналиев жана Курал Чокоев тандалып алынган. Мындан 2 жыл мурда киносериалдын 1-бөлүгү тартылган. Анда Курал Чокоев Сайра Эсенбаева менен Эрнист Абдыжапаровдун уулунун ролун жараткан. Мээрим Атантаева ырчынын аялынын образында болсо, Анвар Осмоналиев анын инисинин ролун ойногон.