"Эки күн скутерде уктадым". Дайынсыз жоголуп табылган Казак жараны окуя тууралуу айтып берди

Ысык-Көл облусунда скутер менен дайынсыз жоголуп табылган Казакстандын жараны М.Аркадий окуяны айтып берди. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери кабарлады.

Казак жараны 2 күн бою скутерде болуп, үчүнчү күнү скутер чөгүп кеткенин айткан. Андан кийин Кажы-Сай тарапка 5 чакырымдай өзү сүзүп барганын билдирген.

"Скутер менен көлдүн түштүк жээгин көрүп келүүнү ойлогом. Бирок 20 мүнөт жүргөндөн кийин эле майы түгөнүп калды. Артка кеткенден көрө түштүк жээкке барууну ойлодум. Менде коопсуздук жилети жана сууга түшүүгө ыңгайлашкан шым эле бар болчу. Катуу толкундан скутер Каракол тарапка багыт алып жатты. Мен 2 күн бою скутерде болдум. Колдон келишинче скутерди бир калыпта кармоого аракет кылдым.

Экинчи түнү жарыктарды көрүп, скутерди колум менен айдап сүзгөнгө аракет кылдым. Дагы катуу шамал болду. Эртең менен Кажы-Сай тарапта болуп калганымды билдим. Ошол убакта скутер чөгүп кетти. Анан өзүм 5 чакырымдай сүзүп жөнөдүм. Колдорум чарчап, капталдап, чалкалап сүздүм. Жээкке аз калганда дарак бар экен, ошону кармап жээкке чыгып, анан ошол жерде эс алдым. Жолго чыгып Кажы-Сайдан чолок шым, бутума тапичке сатып алып, Балыкчыга андан соң пансионатка келдим", - деген Казак жараны.

Ошондой эле басма сөз кызматы учурда Ысык-Көл РИИБи Казак жаранын берген көрсөтмөсү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалайт. Аны менен бирген скутердин ээсинин жазган арызы да каралууда экенин баса белгилейт.



Дайынсыз жоголгон Казак жараны окуяны айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Pchelka85
2019-07-17 15:37:16
Сууда 5 чакырым сузуп дейт
Акчасын каякка катты экен анча Кажы-сайдан кийим сатып алганга)))))
+22
bond02
2019-07-17 15:47:50
Алтын балык жардам берди дебейсинби.
+12
milan-707
2019-07-17 19:26:09
bond02, ха-ха-ха жардынго +100
+3
Bars88
2019-07-17 16:01:40
Сатып бизнес кылайын деп ою ишке ашпаптырда.
+8
erlist
2019-07-17 18:00:01
Казакстанда кыргыз ушинтсе эчак камамак эч теке сурабай туруп.Муну мн эмне эле церемонитсетип атасынар
+10
Kanzada97
2019-07-17 19:44:32
Акчаны кайдан алыптыр, сууда акча ээзилип кететго
+6
aerforce
2019-07-17 20:16:48
Откондо бир окурман кидайтетип кетти деп жазса элдин баары минус баскан ошонун созу тукра эле чыкты почти аман эсен экен жакшы аркы ойузго барып сатып жиберем десе керек чамасы
+6
CuMBoJI
2019-07-17 21:31:25
Баасы канча сом болот скутердин?
+2
adidas.08
2019-07-18 10:25:17
не жеп кун корду экен балык тутуп кууруп жеген окшойт анан балык тутуп сатып шортик мн тапочки алып келдим дебептирда
+1
MUHLISA
2019-07-18 11:11:18
Чындыкка коошпой жатат негедир создору ....
+3
tynara81
2019-07-18 13:16:40
Ошол жерде суракка алып жаткандар лохпу ! Акчаны каерге каттың эле ? Ошончо күн акча сууда эзилип кетпедиби? Кантип ачка ошончо күн сууда жүрө алдың ? дешпедиби. Бул жакка жаш баланын берген жообундай жоопторду жазышат.
+1
taalay25
2019-07-18 14:07:40
Сатып жиберген
0
Kgda
2019-07-18 23:01:00
Аркадий скутерин чокон жеринен алып чыгып ээсине берип салда, аны ХХХХ. Аркадий тируу калганына суйунсонор булда чогуп кетсе не болот эле. Адамсынарбы несинер озу. Скутер болгону бир темирго бул адамго акыйры. Силерге адамданда темир ойдо турабы бир аз башты иштетип жазгыла. Орусияда адамды куткарганы учун герой беодиго кыргыз балага. Сатса келмек беле кайра ошол жерге. Жаман мелоч экенсинер.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан