Кырсыкка кабылган депутат ооруканадан чыкты. Анын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Токобеков операцияга муктаж эмес. Эми ал Воронцовкадан реабилитация кылат", - деди Кубатбеков.

Буга чейин Темирлан Токобеков аталган ооруканага 7-июлда келгени, баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынганы жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы айтылган.

Окуянын чоо-жайы:

7-июлда Lexus ES 300 менен BMW Х7 үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылып, Lexus ES 300 унаасында бара жаткан 4 адамдын баары каза болгон. Экөө окуя болгон жерден жан берсе, экөө ооруканада көз жумган. Ал эми BMW Х7 унаасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жана айдоочу Элдияр Халмурзаев болгон. Алар кырсыктан кийин Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

BMW Х7дин айдоочусу Халмурзаев: "Өзүбүздүн жол тилкебиз менен баратканда күтүлбөгөн жерден унаа чыкты. Мен унааны оң жакка буруп, жолдун четине чыгайын дедим. Бирок тиги унаа экинчи тилкеге чыга калды. Мен реакция кылганга жетишпей калдым да, ал унааны сүздүм", - деп айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2019-07-17 15:49:21
Мээси чайкалган болсо откондун баарын да «унутуп» калган болсо керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан