Бишкектеги Жал кичи районундагы мечиттин жанында токтоп турган унаадан 20 миң доллар жана 400 миң сом алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 12-апрелде саат 13:00 чамасында болгон.
"Белгисиз жаран Тойота Хайлэндер үлгүсүндөгү унаанын арткы айнегин талкалап, 20 миң доллар жана 400 миң сом акча салынган кара түстөгү сумканы ошондой эле буюмдарды алып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.