Чүйдө курулуш материалдары сакталган жерде чыккан өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Кампанын артындагы үй толугу менен күйүп кетти. Өрт турак жайдын жанындагы үйлөрдү жалмап кеткенде өрт өчүрүүчүлөр чектөөгө алышты.
ӨКМга өрт тууралуу кабар саат 15:07де келип түшкөн. Анда Лебединовка айылынын Победа көчөсүндө турак-үйдөн өрт чыкканы айтылган. Саат 15:16да өрт чектөөгө алынган.