Инстаграм эмне экенин түшүнө элек балдарына баракча ачкан жылдыздар

Инстаграм учурда популярдуу социалдык тиркеме экени талашсыз. Аталган тиркемени жашы да, карысы да колдонуп келет. Инстаграмга катталып, жеке баракча ачкандардын арасында бешиктен бели чыга элек, тагыраагы, социалдык тармактын эмне экенин түшүнө элек наристелер, жаш балдар да бар. Кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында наристесине же кичинекей балдарына Инстаграмдан баракча ачып бергендер дагы жок эмес.

Ырчы Жоодарбешим кызы Алсуга Инстаграмдан баракча ачкан. Алсу 1 жашта. Азырынча ал Инстаграм эмне экенин билбейт, бирок баракчасын ата-энеси карап, сүрөттөрдү жүктөп турат. Баракчага 2 миңден ашуун колдонуучу катталган.

Ал эми рэпер Баястан менен бийчи Зульфия кызы Наринэ үчөөнүн Инстаграм тиркемесинде өзүнчө баракчасы бар. Аталган баракчага үй-бүлөлүк сүрөттөр жарыяланып турат. "Азырынча бул баракча үчөөбүздүкү. Балким, кийин кызыбызга беребиз", - дейт ырчы. Үй-бүлөлүк баракчага 13 миңге жакын колдонуучу катталган.

Бийчи Максат Токтоналиевдин кызы Датка Айымга дагы баракча ачылган. Баракча Датка Айымдын сүрөттөрүн жана видеолорун сактоо үчүн колдонулат. Датка Айымдын баракчасына катталгандардын саны 3 миңге чукул.

Клипмейкер Эрнист Сыдыковдун 6 жаштагы Замир жана 5 жаштагы Умар аттуу балдарынын жеке баракчасы бар. Замирдин баракчасында 9 миңден ашуун, ал эми Умардын 4 миңден ашуун катталуучусу бар.

Ырчы Гүлзат Мамытбек 4 жаштагы кызы Анукага Инстаграм тиркемесинде жеке баракча ачып берген. Учурда анын баракчасында 3 миңден ашуун катталуучу бар.

Шоумен Актан Рыскелдиевдин 5 жаштагы Жантай жана 2 жаштагы Анатай аттуу уулдарын Инстаграмдан тапсаңыз болот. Улуу баласы Жантайдын баракчасында 8 миңден ашык, кичүүсү Анатайдын баракчасында 1 жарым миңге чукул катталуучу бар.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованын 7 жаштагы уулу Барсбек Элчиевдин дагы Инстаграм түйүнүндө баракчасы бар. Анын катталуучуларынын саны 25 миң.

Инстаграм эмне экенин түшүнө элек балдарына баракча ачкан жылдыздар
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Sagyn.91
2019-08-22 17:04:29
Алар го мейли жаш балдар.
Мен түшүнбөйм го жакшы. Кээде видео көрүп коём болду. Смс, сүрөт каяктан жүктөйт билбейм...
+4
bond02
2019-08-22 17:12:44
Азыркылардын баласына калтырган мурасы.
+34
Jasi.jasi
2019-08-22 19:25:51
bond02,:))
+4
Kyrgyz_bloger
2019-08-22 17:25:02
Сурот сактоо учун колдонсо мейли го,тел.жоголсо дагы сакталат,бирок катталган миндеген адамдарга тушунбойм,эн жаманы звездалардын келинчектерине катталган эркектер да коп экен,уят бироонун аялынын фотолорун коргон,бойдок кыздар куруп калгандай.
+10
Aimani
2019-08-22 19:27:51
Айжан Газиева, Жийдештердин да кичинекей кыздарынын баракчалары бар
+1
KG_7755
2019-08-22 19:45:49
Сурот жана башкаларды сактоонун коп эле жолу бар. Ушул жылдыз соройлордун обу жоктугу отту. Катталган куйормандар аман эле болушсун.
+3
nemo2016
2019-08-22 19:53:58
Башкалардын баракчасына ишенсемда самаранын баласынын баракчасы жасалма жол мн катталуучуларды топтосо керек
+3
Miraida2012
2019-08-22 22:36:24
Менин 100дой эле катталуучум бар , а булар бешиктен бели чыга элек туруп кайдагы минди суйлошотго..
+4
Jasi.jasi
2019-08-23 12:02:34
Miraida2012,менин 50 катталуучум бар :))
+1
nurhan2702
2019-08-23 13:16:06
Jasi.jasi,менин канча катталуучум бар экенин жакында билдим. Аз эле
0
Nevestkaa
2019-08-22 22:54:37
Аййиииий баш оорутма го.Өзүнүн баракчасына кантип жетишет балдары бул жакта турсун.Эмне кереги бар тообо.
+3
aika0906
2019-08-22 23:35:25
Делать не чего да просто...
+4
aiba_00
2019-08-23 11:28:21
aika0906,Муну бизнес деп коет, Инстаграммдан шумдук акча таап атабыз деп айтып атышат го ошон учун аып койушту да.
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-08-22 23:58:34
Аларга кимдер катталат экен а?)
+1
PROS
2019-08-23 05:30:45
Булар кыргыз республикасына эмгек сиңирбей эле, инстаграмга эмгек сиңирип жүрүшөт да!!!!! Анан дагы подписчиктеринин көптүгүнө карап мамиле кылгандарын кантесиң???!!! Эхх... заман, заман. Кайда баратабыз?!
+4
Isikkolumkeremet
2019-08-23 08:37:21
Кээде мен 5 жаштагы кызым бир нерсени жыйнап мактанса мен "сага лайк"деп бармагымды корсотсом жырргап калат.азыркылардын "тили"
+3
Diyana
2019-08-23 12:38:12
Каяктан убакыт таап киришет экен, кечке телефон тиктеп отурушат окшойт булар. Вотсапты караганга убакытты зорго табамго кээде.
0
aminali
2019-08-23 16:02:08
Келечектеги неберелеримди каттатып койсомбу?!
0
mirbek2211
2019-08-24 04:22:33
Актандын балдары эгиздейго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан