Бишкекте бала бакчадан чыгып кетип, дайынсыз жоголгон бала 5 сааттан кийин батутта ойноп жаткан жеринен табылды

Бишкекте бала бакчадан чыгып кетип, дайынсыз жоголгон эркек бала 5 сааттан кийин батутта ойноп жаткан жеринен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн болжол менен саат 12:00 чамасында Жал кичи районундагы бала бакчада орун алган. Анда 2013-жылы туулган А.У. аттуу эркек бала сейилдөө учурунда дайынсыз жоголуп кеткен.

"Баланын ата-энеси саат 16:50дө бул тууралуу милицияга кайрылышкан. Жүргүзүлгөн издөө иштеринин алкагында саат 17:10 чамасында бала кийинки көчөдөгү батутта ойноп жаткан жеринен табылган. Учурда ал ата-энесине өткөрүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-07-17 20:08:40
Баарын бир ыштандарын булгатыптырда тентек бала
+2
barakcha
2019-07-17 22:38:15
Бала бакчанын кызматкерлери каякты карап отурган?Ар бир балага жоопкер экендерин унутушкан го?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан