Санкт-Петербургда унаадан жансыз денеси табылган Кыргыз жаранынын денеси туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-июль күнү "Модуль" соода борборунун унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаанын ичинен кебетеси азиялык болгон белгисиз жарандын жансыз денеси табылган.
"Маркумдун денесин кароо учурунда жана тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгы менен кыйноо белгилери табылган эмес. 10 күндөн кийин маркумдун Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын 1985-жылы туулган Т. И. аттуу тургуну экени аныкталган. Ал курулуш иштеринде иштеп келгени жана окуяга чейин 1 айдай убакыт жакындарына байланышка чыкпай калганы аныкталган. Тиешелүү документтер даярдалган соң ал кечээ "Жүк 200" менен Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.