Бүгүн, 17-июлда "Катар-2022" мундиалына тандап алуу оюндарынын чүчү кулагы ташталып, Кыргыз футболчуларынын атаандаштары аныкталды. "Ак шумкар" F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен кез келет.
Тайпалык оюндардын алгачкысы 5-сентябрда өтүп, Кыргыз футболчулары конокто Тажикстан менен ойнойт.
Кыргыз өлкөсүнүн оюндарынын жүгүртмөсү:
5-сентябрь:
Тажикстан - Кыргыз
10-октябрь:
Кыргыз - Мьянма
15-октябрь:
Монголия - Кыргыз
14-ноябрь:
Кыргыз - Япония
19-ноябрь:
Кыргыз - Тажикстан
31-март, 2020-жыл:
Мьянма - Кыргыз
4-июнь, 2020-жыл:
Кыргыз - Монголия
9-июнь, 2020-жыл:
Япония - Кыргыз
Тайпалык оюндардын мыкты 12 командасы (тайпалардын 8 жеңүүчүсү жана 4 мыкты 2-орун алган командалар) 2023-жылкы Азия Кубогуна жолдомо алышат жана Дүйнө чемпиондугуна чыгуу үчүн күрөштү улантышат.