Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Арал айылында Көкөмерен дарыясына 55 жаштагы эркек киши түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине 16 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да токтотулган.
Бүгүн, 18-июль күнү издөө иштери улантылат.