Жалал-Абадда жолдо бараткан унааны токтотуп, айдоочунун телефонун жана акчасын тоногондор кармалышты

Жалал-Абадда жолдо бараткан унааны токтотуп, айдоочунун телефонун жана акчасын тоногондор кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү Сузак районунун 26 жаштагы тургуну Х.Н. арызданган. Ал өз арызында Жалал-Абад шаарынан бейтааныш 20-25 жаштар чамасындагы балдар эч бир себепсиз көк түстөгү Матиз үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан. Айдоочуну рулдан түшүрүп, эс-учун жоготкончо уруп-тээп кол телефонун жана 4 миң сом акчасын алып, окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетишкени жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып "тоноо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр кармалган. Алар Чүй облусунун тургуну 27 жаштагы А.Р. жана Таш-Көмүр шаарынын тургундары 21 жаштагы К.Н. жана 27 жаштагы К.У. аттуу жарандар болушкан.

Аларды кармоо убагында далил буюмдар алынып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алардын башка жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Sabette
2019-07-18 13:06:19
Толук атын жазгыла да уурулардын бетин ачкыла элге көрсөткүлө таанылсын!!!
+3
JaneEr
2019-07-18 14:14:11
Шумшуйууп турушканын.
+2
Muslim.azamatovich
2019-07-18 14:17:52
Коргозгуло жузун,аты жонун толук жазбайсынарбы,,,каракчыларды жашырбай
+2
muni.98-98
2019-07-18 15:03:41
Сот айыптуу деп окум чыгармайынча кылмышкер деп эсептелбейт. Андыктан толук аты жонун жарыялаганга мумкун эмес.
-2
argen1991
2019-07-18 15:28:47
muni.98-98, туура бираз куто тургула чогу коробуз
+1
Omush94
2019-07-19 00:50:23
Эс учун жоготкончо сабап кетсе анан буларды кантип таап кармады кызык?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан