Ош шаарынын аймагында 17-июль күнү шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы "Крутой" аталышындагы иш-чара өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө 178 жол эрежесин бузуулар боюнча протокол түзүлдү. Анда 16 айдоочу унаасынын айнегин караңгылатып жүрсө, өз алдынча номер тагып алган 1 айдоочу кармалган. Ал эми мас абалда унаа башкарган 3 мамлекеттик номери жок 2 айдоочу кармалган.
Бул өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат.