Солтон-Сарыдагы алтын кенин казууда ар кандай мүчүлүштүктөр бар экени айтылды

Солтон-Сары алтын кенин казууда ар кандай мүчүлүштүктөр бар экени бүгүнкү өткөн маалымат жыйында айтылды.

Экотехинспекциянын директору Жолдошбек Жунушов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Солтон-Сары алтын кенине пландан тышкаркы текшерүүгө качан уруксат берсе, ошол замат текшерүүгө алынарын билдирди.

"Бизге азыр уруксат берсе азыр, эртең берсе эртең текшерүү жүргүзүүгө даярбыз. Негизи пландык текшерүү октябрь же сентябрь айларында болмок.

Ошондой эле айыл элине жолукканыбызда 9 талапты санап беришти. Текшерүү да ошол негизде болот. Мисалы, ал жакта жол салынып жатат. Бирок жолго суу себилбей турганын айтышууда. Ошондой эле жол үчүн даараткана курулган жок. Андан тышкары бир канча кемчиликтерди санашты", - деди Жунушов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
take19
2019-07-18 19:29:03
Мал өлүп жатат деп жатышпады беле? Талаптары өзгөрүлүп кеткен го.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан