Буга чейин 7 жылга кесилген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаков үй камагына чыгарылды

7 жылга эркинен ажыратылган Жогорку Кеңештин экс-депутаты Музаффар Исаков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Жогорку Сот Музаффар Исаковдун ишин карап, аны кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен ишти Сузак райондук сотуна жөнөткөн.

Облустук соттон билдиришкендей, 15-июль күнү Сузак райондук соту экс-депутаттын ишин кайра карап чыгып, аны үй камагына чыгаруу боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган.

"Соттун чечимине ылайык, айыпталуучуга карата колдонулган бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ага карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 15-сентябрга чейин узартылды", - деп билдиришти соттон.

Окуянын чоо жайы:

2017-жылдын 13-февралында башкы прокурор тарабынан Музаффар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген деп айыпталууда.

Буга чейин Сузак райондук соту экс-депутат Музаффар Исаковду 7 жылга 3 жылдык сынак мөөнөтү менен шарттуу кесип, 5 жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыраткан. Башкы прокуратура экс-депутаттын мүлкүн мамлекетке чегерүү менен 12 жылга эркинен ажыратууну сураган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Qwer007
2019-07-18 15:54:47
Акчалуулар чыгып жатат отметка берип коюп... акчасы жок кургурлар ак болсо да отурат..аттин Кыргызстан адилетсиздиктин туу чокусуна чыкты
+4
Chungyz
2019-07-18 15:56:29
Ушул ХХХХ дан коро садыр менен Текебаев бошотсонор болмок
-1
Jaznura
2019-07-18 16:18:41
Chungyz,Силер периште кылган Жапаров менен Текебаевге иштеген мыйзам Турсуновго да иштеди
-1
kechirmeni
2019-07-18 16:02:35
Абийирдуулор намыстуулар турмодо отуруп да сабыр кылып отурушат, чондордон кечирим сурабай
0
BarsBaatyr
2019-07-18 16:12:58
Эл козуно бир канча жылга кармашат да анан
+2
Jaznura
2019-07-18 16:19:43
Турсунов деле Атамбаевдин убагында тузүк эле тайрандаган. Эми жооп берчу мезгили келди
0
nabievich
2019-07-18 16:22:28
Атамбаевдин убагында жакшы уурусу деле башкасы деле 7 кабатты каптаган экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан