Борбор калаада айдоочу унаасы менен жолдун ортосундагы казылган аңга түшүп кетти

Борбор калаада айдоочу унаасы менен жолдун ортосундагы казылган аңга түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн 18-июлда Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болжол менен таңкы саат 4:40 чамасында Турусбеков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

"Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Токтогул көчөсү менен келе жатып, жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткан белгилерди көрүп унаасын бурууга аракеттенген. Тилекке каршы, унаа сүрүлүп барып жолдогу казылган аңга түшүп кеткен. Айдоочу жабыркаган эмес, текшерүүдөн мас эмес экени аныкталды. Тиешелүү кызмат келип аталган жарандын унаасын чыгарып беришкен", - деп билдиришти башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан