"ЭЛДИК ВИДЕО": Социалдык тармактарда Ошко Аладдин келди деген видео тарады

"ЭЛДИК ВИДЕО" бөлүмүнө "Ошто жомоктогу Аладдин пайда болду" деген видео жүктөлдү. Видеону социалдык тармактын колдонуучусу интернеттеги баракчасына чыгарган.

Кыска тасмадан көпчүлүккө белгилүү "Аладдин" мультфильминин башкы каарманын көрүүгө болот. Анда белгисиз киши шаардагы көчөлөрдүн биринде Аладдиндин формасын кийип, кызыл килемдин үстүндө унаалар менен тең жарышып бара жатканын байкоого болот.

Кызыл түстөгү килем менен жабылган дөңгөлөктүү тактай интернет колдонуучунун кызыгуусун жараткан. Анда автор Аладдинден дөңгөлөктүү техника эмне экенин, ким ойлоп чыгарганын сураган. Өзүн Аладдин катары көрсөткөн жаран техниканы уча турган килем экенин, ал түшүнө кирген адамдын эмгеги экенин айткан.

Ош шаарында Аладдин пайда болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан