№5 СИЗОдо отургандар алмак-салмак уктап жатышабы? ЖАМКтын жообу

№5 тергөө абагында оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан айрым камераларда кармалгандардын саны талаптан жогору болууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жакын арада бул маселе чечилет. Оңдоо иштери бүткөн соң кармалгандар оңдолгон камераларга которулат. Алардан эч кандай арыз түшкөн жок.

"№5 тергөө абагынын имараты абдан эски жана начар абалда. Ал падышалык Орусия империясынын мезгилинде салынган. Мындан улам камераларды жана ички бөлүмдөрдү оңдоо иштери улам-улам жүрүүдө", - дешти ЖАМКтан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-07-18 21:22:30
Акчаны каяктан алыптыр ремонтко ?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан