Ысык-Көлдө ижарага алган скутер менен дайынсыз жоголуп табылган Казак жараны Аркадий Мальковду Кыргыз Республикасынан чыгарбай жатышат. Бул тууралуу анын аялы Татьяна Мальковага таянып, казак Tengrinews басылмасы жазып чыкты.
Анын айтымында, күйөөсү учурда райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринде, качан үйүнө кайтып келери белгисиз. "Чөгүп кеткен скутердин ээлери 5,5 миң доллар сурап жатышат, ошол эле учурда скутер камсыздандырылган эмес жана лицензиясы жок. Бирок мен түшүнүп жатам, төлөөдөн баш тарткан жокмун. Азыр жанымда мындай суммадагы акча жок. Күйөөмдүн компаниясынын эсебинде мынча акча болушу мүмкүн, бирок ансыз мен акчаны эсептен чыгара албайм.
Туугандары жолугушууга барганда, күйөөмдү 300 адам курчоого алып, акчасыз аны эч жакка чыгарбай турганын айтышты. Учурда жолдошумдун телефону да, документи да жок. Скутердин ээлеринин доосу канааттандырылмайынча милиция ишти жаба албайт", - деди аялы.
Буга чейин Казак жаранынын үстүнөн скутердин ээси арыз жазганы белгилүү болгон. Облустук милициядан кабарлашкандай, аны эч ким күч менен өлкөдө кармаган жок жана бул иш жарандык иш катары каралууда.
Окуянын чоо-жайы:
53 жаштагы Аркадий Мальков 14-июль күнү дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 81 куткаруучу, ИИМден 167 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 32 адам тартылган. Издөө иштери моторлуу кайык менен жүргүзүлгөн. Андан сырткары ӨКМдын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан менчик кемелердин ээлерине багыттоо берилип, азыркы учурда 12 даана кеме издөө иштерине көмөктөшкөн.
16-июлда "Алтын-Көл" эс алуу жайына изделип жаткан жаран келген. Анда Аркадий М. скутерди ижарага алып, көлдүн түштүк жээгине айдап барганда, ошол жерде скутер чөгүп кеткенин айткан. Ал такси менен кайра түндүк жээгиндеги аталган эс алуу жайына келгенин айтып берген.