Жол оңдоо учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер көз жумду. Айдоочу телефонго алаксып кеткенин айткан

Жол оңдоо учурунда унаа сүзүп кеткен кызматкер көз жумду. Бул тууралуу 18-июлда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

6-июлга караган түнү Абдырахманов жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Анда 1974-жылы туулган кызматкерди унаа сүзүп кеткен. Унаанын айдоочусу, 1995-жылы туулган жаран телефонго алаксып кетип, кызматкерди сүзүп алганын айткан.

"Кырсыкта жабыркаган жаранга операция жасалып, бирок абалы оор бойдон калган. 16-июлда ал көз жумду. Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле мындай трагедиялуу кырсыктар кайталанбашы үчүн шаар тургундарын жол эрежелерин сактоого чакырабыз", - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан