Бишкек мэриясы борбор калаада ичүүчү сууга болгон бааны жогорулатуу зарылчылыгы пайда болгонун жазып чыкты. Маалыматка караганда, акыркы жылдары "Бишкек суу канал" ишканасынын чыгашалары кескин көбөйүп кеткен. 2017-жылы 94 миллион сом болсо, 2018-жылы дээрлик 30 миллион сомго жеткен.
"Ишкананын негизги киреше бөлүгү суу менен камсыз кылуудагы төлөнүүчү каражаттар болуп саналат. Сууга болгон баа бекитилгенден бери кызмат көрсөтүүлөр, керектелүүчү материалдар, сууну тазалоочу реагенттер, күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттады. Ошону менен катар инфляция бар жана валюта курсу да жогорулап жатат.
Ичүүчү сууга төлөнүүчү каражат акыркы жылдары жетишсиз болгондуктан ишкана суу түтүктөрү жана канализацияларда толук кандуу иш жүргүзө албай жатат. Негизги түтүктөр эскирип, ондогон чакырым аралыктагы түтүктөр, анын ичинде магистраль суу түтүктөрү жана канализация чогултулган жайлар болгон мүмкүнчүлүгү менен гана иштеп жатат. Алардын 75 пайызы эскирип, 80-100 пайызы тез арада алмаштырууга, оңдоого муктаж.
Бүгүнкү күндө суу менен камсыз кылууда калк үчүн суунун баасы 1000 литр үчүн 5 сом 38 тыйын деп бекитилген. Негизи 1000 литр суунун өздүк наркы 8 сомдон ашык. Агынды сууларга болгон баа 1000 литр үчүн 1 сом 20 тыйын. Мунун өздүк наркы болсо 3 сомго барабар. Бул башка аймактарга салыштырмалуу эки эсе арзан баа болуп саналат. Мисалы, Лебединовканын жашоочулары суу үчүн 8 сом 20 тыйын, бюджеттик уюмдар 21 сом төлөп келишет.
Мындан улам ишкана өз учурунда алып келинген материал жана жабдуулардын акчасын жана салыкты төлөй албай жатат. Ошону менен катар кызматкерлерге эмгек акыны төлөө кечиктирилип жатат. Ушул жылдын 1-июнунда ишкананын карызы 105,2 миллион сомго жеткен. Анын 24,7 миллион сому керектүү жабдууларды алып келгендерден болсо, 22,1 миллион сом салык жана социалдык фондго төлөм, 44 миллион сом Европа банкы, 14 миллион сом РСК банкына кредит төлөө", - деп айтылат маалыматта.