Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси коррупцияга шектелип эки айга камакка алынды

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шектелип камакка алынды. Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Нурбек Жолборсов №1 тергөө абагында 6-июлдан бери отурганын ырастады.

"Нурбек Жолборсов 4-июлда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 6-сентябрга чейин камакка алынды", - деп билдирет ЖАМК.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмыш иши сотко чейинки тергөө жүргүзүү үчүн 20-июлда катталганын, шектүү коррупция боюнча кармалганын билдирди. Тергөө ишин Аскер прокуратурасы жүргүзүп жатат.

2018-жылдын 5-декабрында транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан