Өкмөт жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдардын айрымдарын кыскартууга макулдук берди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун төрагалыгы алдында Өкмөткө караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда комиссиянын мүчөлөрү жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу боюнча планында каралган иш-чараларды толук кандуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын белгилешти.

Мындан тышкары жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдардын айрым түрлөрүн өзгөртүү маселеси каралды. Комиссия мүчөлөрү 1-категорияга (1000 сом) чейинки бузуулардын айрым түрлөрү үчүн айып пулдардын өлчөмүн азайтуу сунушуна макул болушту. Ошону менен бирге мас абалында унаа башкаргандарга айып пулдун жогорулашы (17 500 сом) натыйжасын көрсөтүп, мас абалында жол кырсыгына кабылгандардын саны кыскарганы айтылды.

Жыйында республиканын унаа жолдорун паспорттоштуруу, автомектептердин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү, ошондой эле авариялык-кооптуу жол тилкелерин жоюу зарылдыгы маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-07-19 12:21:51
Азайткыла жей берип жексур болуп буттунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан