2 күндөн кийин абанын температурасы төмөндөйт

21-июлга чейин өлкөдө ысык аба ырайы күтүлөт. Тагыраагы, абанын температурасы +39 градус болорун Кыргызгидрометтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июлга чейин өлкөдө катуу ысык сакталып, абанын температурасы +38... +39 градуска жетет. Андан кийин абанын температурасы 2-3 градуска төмөндөйт.

Кыргызгидромет буга чейин 17-июлда күндүзү Ысык-Көл жана Нарын облусунун айрым аймактарында жамгыр жаашы күтүлөрүн, ошондой эле 18-июлдан 20-июлга чейин Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаашы күтүлүп жатканын маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asefsa
2019-07-19 11:48:59
Ошондой эле болсунчу, эртерээк жаасынчы!
0
Omush94
2019-07-19 15:03:35
asefsa,жаадырып не кыласың бул жакта чөп бүтпөй жатса
+17
Qwer007
2019-07-19 15:29:51
Эмнеге соз Атамбаев жонундо болгондо талкуу жабык болот??
+9
admin_portal
2019-07-19 15:36:27
Qwer007, саламатсызбы! Ал жөнүндө эле эмес, жалпы "Саясат" рубрикасындагы кабарларда эреже бузган билдирүүлөр көп болгондуктан комментарий жазуу жабык.
+1
Aidaraly
2019-07-19 16:11:20
Туура айтасын Омуш чоп буткучо жаабай турсун
+8
Aikaaaa
2019-07-19 23:21:21
Aidaraly,чөбүңөр качан бүтөт эле? Биякта чөптчр күйүп кетти
0
barakcha
2019-07-20 12:51:04
Кыштын кыштай,Жайдын жайдай эле болгону жакшы.Супер,комментти очурбогулочу!!!
+1
admin_portal
2019-07-22 11:37:59
barakcha, билдирүүлөр себепсиз өчүрүлбөйт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан