Кыргыз футболчусу Англиянын футбол академиясына кабыл алынды

16 жашка чейинки улуттук курама команданын капитаны Ырыскелди Тыныбеков Англиянын "Brooke house College" футбол академиясына ийгиликтүү өтүп, быйылкы жылдын күз айларынан тарта окуп баштайт. Футбол федерациясы билдиргендей, бул тараптардын эки жылдан бери жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашкан.

Аталган футбол академиясы Лестер аймагындагы Маркет-Харборо шаарында жайгашкан.

"Абдан кубанып турам. Жөнөкөй бишкектик бала Лестердеги футбол академиясына келип калды. Мага ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген ата-энеме рахмат. Албетте, машыктыруучум Нурлан Букуевге ыраазычылык билдирем. Мени кичинекей кезимден футболчу кылып өстүрдү" деди жаш футболчу.

Ырыскелди Тыныбеков - Бишкектин "Илбирс" командасынын тарбиялануучусу. 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык Орусия-Хорватия беттешинде стадионго топту алып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akylbek87
2019-07-19 11:53:19
Азаматсын
+4
BekAmir
2019-07-19 20:00:42
Ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан