
Ак-Суу районунда 19 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерге келген куткаруучулар саат 19:40 чамасында суудан Э.А. аттуу 19 жаштагы жарандын жансыз денесин чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан сырткары, учурда 17-июль күнү Көкөмерен суусуна түшүп кеткен 55 жаштагы А.Т. аттуу жаранды издөө иштери улантылууда.