Бишкекте суудан кебетеси азиат болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
15-июлда саат 22:30 чамасында Чоң Чүй каналы менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 35-40 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Маркумдун бою 175-180 сантиметр, чачтары кара, башы сүйрү. Үстүндө кара футболка, кара-көк түстөгү спорттук кийим болгон.
Жогорудагы адамдын аты-жөнүн тактоого милиция жардам сурайт. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, Бишкек ШИИББинин 102 кызматына же төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312)56-60-43, 0(312) 56-17-5, 0(554) 102-148, 0(555) 75-79-55, 0(555) 102-602, 0(552) 102-261.