Бүгүн, 19-июлда интернеттеги социалдык тармактарда "борбор калаада аскер техникасы пайда болду" деген аталыштагы сүрөт тарап, катуу талкуу жаратты.
Интернет колдонуучулар "бул унаалар Кой-Ташка барабы?" деген мааниде көптөгөн пикирлерин калтырышкан.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, төмөнкү жоопту кайтарышты:
"Бул суу замбиректер атайын багыттагы полкко тиешелүү, алар 2 жумада бир жолу суу толтурганга чыгышат. Бүгүн да суу толтурганга чыгып, кайра өз жайына кайткан. Ал эми социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти басма сөз кызматтан.
Буга чейин КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева ишеничтүү булактарына таянып, бүгүн түштөн кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоо боюнча тапшырмасы берилиптир деген билдирүү тараткан. Ал эми ИИМдин басма сөз кызматы бул алардын божомолу экенин билдирген.