Ольга Бузова Бишкекте концерт берип, жергиликтүү күйөрмандарынын кыялын орундатты

20-июлга караган түнү Бишкекте лаунж барлардын биринин ачылышы өттү. Бул иш-чарага атайын келген Орусиянын шоу-бизнесинин жылдызы, алып баруучу, дизайнер, ырчы Ольга Бузова бир сааттык концерт берди.

Залда бош орун болгон жок. Бузованы көрүүгө келгендердин көпчүлүгү кыздар жана айымдар болду. Алар ырчы айым менен бирге ырдап, бийлеп жатышты. Ар бир ыры кол чабуулар менен коштолуп жатты. Айрым күйөрмандары Бузованы өмүрүндө биринчи жолу жанынан көргөндүктөн сүйүнүчү ичине батпай кыйкырып да турушту.

Андан тышкары лаунж бардын ачылышында кыргыз рэп аткаруучулары Бегиш жана Каспер өз чыгармаларын тартуулашты. Жалпы концерттин алып баруучусу Ростислав Ященко болду.

Иш-чаранын соңунда Ольга Бузова Бишкекке кийин дагы келип, жеке концерт берерин убадалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Atas
2019-07-20 02:38:37
Как говорил Трамп Женщина с низким соц ответственностью
-2
Bekturbek
2019-07-20 04:43:49
Ушуга окшогон,коомду бузуучу концерттерге барбагылачы калайык калкым!!!
+6
Abdizhapar
2019-07-20 05:19:35
Шайтандын шайтаны го
+3
noeli
2019-07-20 08:52:34
Трагедия.
-2
marat88
2019-07-20 09:23:58
Кийимин ит талап кеткенби? Мода болбой куруп кал.
-2
Chungyz
2019-07-20 09:35:49
Келип акчаны кырып кетти
+5
bond02
2019-07-20 11:01:13
Эртен ушул кийим менен биздин кыздар чыгат коросунор го, коомду бузуп жатабыз ээх кыргыздар!
0
Mamiev
2019-07-20 16:36:45
Кыялын орундатты деген темасы эле укмуш го. Болокчо ойлоп кетет экенсиң)) Бузованы кыялдангандан Кудай сактасын
+2
escape
2019-07-20 22:05:39
Максатынарды бийик койгулачы!!!!кыялынарды орундаткыдай ал ким Бузукова деген?
Кыялынар,максатынар бийик болушун тилеймин баарынарды!!!
+2
LunaSun
2019-07-20 23:57:06
Бузованын дагы куйормандары бар экенби ээ бизде?
+1
Baku88
2019-07-21 13:16:49
Коро албай журуп олуп кетебиз го кыргыздар
-1
Baku88
2019-07-21 13:21:55
Бузова аябай аракетчил биздегиге окшоп ар кимдин казанына кол салбайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан