Түштүк Кореяда өткөн "Таэквондо WT" чемпионатында Кыргыз өлкөсү 12 медалга ээ болду. Мындай маалыматты таэквондо ассоциациясынан билдирди.
Спорттук мелдеш Чхунчхон шаарында өтүп, ага 60 мамлекеттен 2 жарым миңдей спортчулар катышкан. Кыргыз өлкөсүнөн барган 12 спортчунун баары байгелүү орундарга илинген.
Бегимай Дүйшембиева, Марат Ниязов алтын медаль, Акылай Кожомбердиева, Адилет Абдимиталипов, Дастан Мукашев, Султан Максатбеков, Камила Мамедтохтиева, Элина Кубатбекова күмүш медаль тагынышкан. Ал эми Аяна Максатбекова, Ясин Исакова, Эмир Сейдиматов жана Канат Үрүстемов коло медалды багындырган.