Чаткалда Ак-Булак суусуна түшүп кеткен аскер кызматкери изделүүдө

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунда Чек ара кызматынын келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскери сууга агып кетип изделүүдө. Мындай маалыматты Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-июлда болгон.

"Аскер кызматкери Ак-Булак суусунун жээги менен бара жатып буту тайып кеткен. Ак-Булак суусу шар аккандыктан аскерди агызып кеткен. Учурда издөө иштери жүргүзүлүп, ага ӨКМнын кызматкерлери жана Өзбекстандын чек арачылары катышууда. Издөө иштери жетекчиликтин көзөмөлү менен жүргүзүлүп жатат", - деди маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан