Бир нече адамга батир алып берем деп алдамчылык кылып жүргөнгө шектелген жаран кармалды

Бишкекте бир нече адамга батир алып берем деп алдамчылык кылып жүргөнгө шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Кармалган жаран 2018-жылы Ж.С. аттуу аялдын ишенимине кирип, жыл аягында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берем деп 20 миң доллар акчасын алган. Ошондон кийин ал дайынсыз болуп кеткен. Жабырлануучу арыз менен Ленин РИИБине кайрылган.

2019-жылдын 17-июлунда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1977-жылы туулган Б.А. аттуу киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында кармалган жаран жогорудагы окуядан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар экендиги аныкталган. Тагыраагы, ал 2018-жылы январь айында Кривоносов-Циолков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берем деп А.Б. аттуу жарандын 8 миң долларын алып качып кеткен.

Ошондой эле 2018-жылдын март айында кармалган жаран Х.Н. аттуу кишиге Кривоносов-Циолков көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш иштери жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү батир алып берем деп 11 миң доллар акча алып, изин жашырып кеткен. Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - дейт маалымат кызматы.

Ленин РИИБи сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0(312) 44-44-57, 0(773) 097 185, 0(703) 905 295.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-07-21 10:59:06
Жолдордун атын кыргызчага озгортуш керек. Адамды козунон тааныйт да.
+5
Krai
2019-07-21 11:51:12
Көзү башын жаап коюп анан ким тааныса дегениңер эмнеси
+5
OMURBEK.
2019-07-21 16:51:27
Мен коргом бул кишини мени да алдагысы келген козунон таанып калбадымбы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан