Бишкекте унааны ижарага алып качып кеткен 23 жаштагы жаран кармалды. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.
"13-июлда Биринчи Май РИИБине Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жабырлануучунун Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын чала таанышы ижарага берип туруу өтүнүчү менен кайрылган. Унааны алган жаран дайынсыз качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 23 жаштагы К.Д. аттуу жигит кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт маалымат кызматынан.