Бүгүн, 21-июлда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт (унаа спортунун түрү) боюнча мелдеш орун алды. Анда турнирге катышып жаткан унаанын айдоочусу рулду башкара албай көрүүчүлөрдү сүзүп кетти. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинен билдирди.
"Окуя саат 13:00 чамасында орун алып, кырсыктан бир нече адам жабыркаган. Турнирге медицина кызматкерлери дагы чакыртылган. Алар жабыркагандарга жардам көрсөтүшкөн. Ал эми бир жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда канча адам жабыркаганы такталууда", - деди басма сөз кызматынан.