Бишкектеги "Жеңиш" аянтында өткөн дрифт боюнча мелдеште айдоочу унааны башкара албай көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаганын Бишкек ШИИББинен билдиришти.
"Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү унааны 32 жаштагы Л.А. аттуу жаран башкарып келе жаткан. Ал Ибраимов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө бурулганда рулду башкара албай жолдун четиндеги адамдарды сүзүп кеткен.
Жабырлануучулар денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жабыркагандар 1987-жылы туулган А.Н., 1992-жылы туулган Д.К., 1997-жылы туулган У.М., 2000-жылы туулган К.К. экени аныкталган. Мындан тышкары 1978-жылы туулган Ч.Ж. жана 1982-жылы туулган Н.М. аттуу эки кытай жараны жабыркаган", - дейт басма сөз кызматы.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалганын кошумчалады башкармалыктан.