Сентябрь айында Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалууда

Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жумушчу план, оюндардын ачылыш жана жабылыш концепциясынын долбоорун, спорттук жана маданий иш-чаралар жөнүндө жобо иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, биринчи жолу Улуттук көчмөндөр оюндарын Талас облусунда үстүбүздөгү жылдын сентябрында өткөрүү пландалууда.

Күтүлүп жаткандай оюндардын маданий бөлүгү - этношаарча, этнобазар, кол өнөрчүлөр базары жана башка көптөгөн иш-чаралар "Манас Ордо" комплексинин аймагында өтөт, ал эми спорттук бөлүгү Райкан Алканов атындагы ипподромдо болот. Учурда Улуттук көчмөндөр оюндарынын бардык объекттеринде даярдык иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Qwer007
2019-07-22 09:14:36
Той болсо жакшы, бирок азыр карыз чачтан коп, жумушсуздук андан коп. Не кереги бар ашыкча расходдун. Той болсо жанагы эле чиновниктер жыргашат ар бир бирден без уйду ээлеп алып... мынанча расход болду деп жарымын жешет...
+5
Qwer007
2019-07-22 09:16:23
Боз уйду
0
izdeim_seni
2019-07-22 09:18:38
Мындай суук кабардын ордуна, "Сентябрь айында Талас облусуна зафод-фабрика салынып, фасоль жана сүт, эт азыктарын чет өлкөгө экспортто иши жанданганы турат",-деген жагымдуу кабар болсо жакшы болмок. Көчмөндөрдүн оюнунан тажап бүттүк
+11
katerina.li
2019-07-22 12:36:10
izdeim_seni,заФод эмес,заВод
-2
anarbek80
2019-07-22 10:00:51
Талас облусуна караштуу Манас ордо комплексине откоруп жатышканы жакшы той жакшы мен колдойм керек болсо дуйнолук кочмондор оюндарын откорушсо жакшы болмок 1995 жылы дуйнолук Манас 1000 жылдык маарекеси ошол кезде эле откон ал Эми этникалык оюн зооктор отуп турса болот ушулардын аркасы менен региондор кичине болсо да онугуп орчуп жашылданып жатат.
-1
Qwer007
2019-07-22 10:08:46
anarbek80, откоро берсин бирок бул деген жаш жигиттин кредит алып ресторанга чон той кылганындай эле да. Откоролу бирок биринчи карыздарды азайталы элдин жашоо шартын которолу анан мага десе 365 кун той кылышбайбы...
+3
anarbek80
2019-07-23 11:32:45
Qwer007,туура айтасын карызды жанагы жеп жутунгандар толошсун,колу менен кылгандар моюн баштары менен жооп берсин, керек болсо бизге ушундай жеп жуткан,жегичтерге олум жазасын киргизип койсо аздык кылбайт болчу,бизге тартип-талапты катуу койсо эле,бир кундо Кыргызстаныбыз онугуу жолуна тушмок ал Эми той топур менен эмес коррупционерлер менен кармашып курошмойун алардын куйругу суйулмайынча Кыргызстан онукпойт,оспойт карапайым элдерибиз кыйналып карыздын устуно карызка батып жашай беребиз.
0
Tolkun555
2019-07-22 12:14:03
5 жылга тойду токтотуп эле туруш керек.
+4
katerina.li
2019-07-22 12:38:26
Ушу Манас комплекске откорушуно менин ичим жылыбайт. Ал жерде тооолтура мурзолор бар,корустон жер. Манас атанын да кумбозу койлган. Соок жаткан жерге оюн зоок откоргон туура эмес деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан