Бишкекте дрифт боюнча мелдеште айдоочу унааны башкара албай сүзүп кеткендердин ичинен 2 Кытай жараны ооруканага жаткырылды

Бишкекте дрифт боюнча мелдеште айдоочу унааны башкара албай сүзүп кеткен 6 жарандын ичинен 2 Кытай жараны ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 13:00 чамасында орун алган.

"Кырсыктын кесепетинен жабыркаган 6 адамдын ичинен бешөө ооруканага кайрылган, анын экөө амбулатордук жардам алып үйлөрүнө жиберилген. Калгандарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми эки Кытай жаранынын баш мээси чайкалып, биринин акыреги сынып кеткен. Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, экөөнүн тең абалы канааттандырарлык", - деди Кубатбеков.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ Бишкектеги "Жеңиш" аянтында өткөн дрифт боюнча мелдеште айдоочу унааны башкара албай көрүүчүлөрдү сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган болчу. Анда Тойота Марк 2 үлгүсүндөгү унааны башкарган 32 жаштагы Л.А. Ибраимов көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө бурулганда рулду башкара албай жолдун четиндеги адамдарды сүзүп алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sabette
2019-07-22 10:59:23
Машина урунса кытайга тийсе кытай көбөйүп кеткен го сыягы
-2
Muratmipa
2019-07-22 11:03:08
Sabette,ошону айтсан таш ыргытсан юристтин башына тийет дечу эле эме кум чачсан деле кытайга тийет болдуго
+4
Aza17
2019-07-22 11:22:10
Атаганат аран жургондо Кыргызга дрифтти не кереги бар.Шаардын так ортоскнда дрифтке балээ барбы.Биз шаардын ичинде 60тан ашсак очойто штраф толойбуз.Мооу чимкриктердики жашылбы? эмне?Уруксат берген МАЙ кызматкерлерин, уюштуруучуларын ж.а водителди кошо ХХХХХ камаш к.к.Дрифти шаардын сыртында атайын трек аянтчада жасайт!Кытайдын так борборуна барып жыл 12 ай эс албай дрифт бергиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан