Аракты мажбурлап ичиргенден каза болгон 6 жашар баланын өлүмү боюнча шектүү кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда алкоголдук ичимдикти мажбурлап ичиргенден каза болгон 6 жашар баланын өлүмү боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү 31 жаштагы А.П. аттуу жаран. Ал каза болгон баланын энеси менен чогуу жашаган жарандын баласы.

Учурда шектүү Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тийиштүү бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

11-июлда Жайыл районуна караштуу Ставропавловка айылында А.П. аттуу 60 жаштагы жаран менен каза болгон баланын апасы чогуу алкоголдук ичимдик ичип отурушкан. Аларга үйдүн кожоюнунун уулу дагы кошулган. Каза болгон баланын апасына чогуу ичип жаткан таанышы тийише бергендиктен ал үйдөн чыгып кеткен. Курсагы ачкан 6 жашар бала тамак сураганда үйдүн кожоюну ага помидор карматып эки рюмка арак ичирүүгө мажбурлаган. Бала эртеси күнү ооруканага жеткирилгенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEN95
2019-07-22 13:43:14
Эмнеге А.П деп атын толук жазбай жашырып койосунар ар дайым?
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан