"Мас болгон..." Ноокат районунда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган 6 жүргүнчү туугандар болгон

Ноокат районунда эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында жабыркаган 6 жүргүнчү туугандар болгон. Алардын биринин көк боору айрылып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Абдилатип Шамшиев билдирди.

"Кырсыктан 2 адам каза болгон, андан сырткары ар түрдүү жаракаттарды алган 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын ичинен Мерседес Бенц Гелендваген унаасынын 23 жаштагы С.М. аттуу айдоочусу мас абалда болгон, баш мээси чайкалган, чекесинен жаракат алган. 23 жаштагы А.А. аттуу жүргүнчүсү дагы мас абалда болгон, чекесинин оң тарабынан жаракат алган, моюнунан жаракат алган. Алар кийин Ош шаарындагы ооруканага которулган.

Ал эми ВАЗ-2104 унаасынын 6 жүргүнчүсү (Бел-Өрүк айылынын тургундары) райондук ооруканага жаткырылган. Анда 43 жаштагы Ж.Б. аттуу жүргүнчүнүн баш мээси чайкалган, сол буту сынган, 16 жаштагы Р.к.Б.нын сол колунун билеги сынган, 4 жаштагы Т.А.нын баш мээси чайкалган, кулагынан жана ичинен жаракат алган. 3 жаштагы Т.М.нын оң колунун билеги эки жеринен сынган, 10 жаштагы К.Н.нын баш сөөгү сынып кеткен, баш мээси чайкалган, сол көзүнөн жаракат алган, ички органдарына доо кеткен. 12 жаштагы К.Н. башынан оор жаракат алган, баш сөөгү сынган. Ооруканага түшкөн күнү баары жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда алар жалпы бөлүмгө которулду, дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда", - деп билдиришти.

Окуянын чоо-жайы:

Жол кырсыгы 19-июль күнү саат 20:00 чамасында Ноокат-Папан унаа жолунда орун алган. Анда 23 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, ВАЗ-2104 үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен ВАЗ-2104 унаасынан 2 адам каза болуп, 6 адам ооруканага жеткирилген. Ал эми Мерседес Бенц Гелендваген унаасынан 3 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kanybek121195
2019-07-22 17:43:18
Ушуга окшогон ХХХХ айынан бей күнөө адамдар өлүп жатат. Ал дагы геленваген минсе бир шишканын баласы да.
0
nurzidaergeshova
2019-07-22 21:18:22
Kanybek121195,биздин айылдык аялы куйоосу каза болду.балдар загска чыккан экен
0
Gulnyr19
2019-07-22 21:00:30
Арак ичпей балээни ичкир кичинекейлер экен баары эле. Аман-эсен айыгып кетсин
+5
Alixan-Nookat.2015
2019-07-22 21:33:16
Кудайым өзүң жардам бере көр кырсыкка кабылгандар батыраак айыгып кетишсин
+3
tynara81
2019-07-23 08:08:57
Капа болбогула го, ошол бейкүнөө жигулидегилерден көрө, гелендвагендеги эки көпкөн сөрөй өлбөптүр да. Ичим алып көпкөн байдын балдары 2 жанды алып, канчасын майып кылышты .
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан