Жалал-Абадда УАЗ унаасынын арткы эшиги ачылып кетип, айдоочунун аялы жерге башы менен кулап түшүп каза болду

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын арткы эшиги ачылып кетип, жерге башы менен кулап түшкөн айдоочунун аялы каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-июлда Арстанбап айылында болгон. Анда 25 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну А.А. өзүнүн УАЗ үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан. Унаанын арткы орундугунда 24 жаштагы жубайы Ш.З. отурган. Арткы эшиги кокусунан ачылып кетип, ал жерге башы менен кулап түшкөн. Келин алган жаракатынан улам райондук ооруканада каза болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MEN95
2019-07-22 16:21:23
Пай пай пай жаш экен эле. Сабр тилеймин.
+6
Assalomuallekum
2019-07-22 17:56:10
Кече мендагы Арслапбап бардым эле этият болбосо кыйын экен жолдо
+2
Gulnyr19
2019-07-22 21:02:24
Сайтка кирип жаңылык окуш өзү кыйын болуп калды эмне болду анчалык эле акыркы жылдары? жакшы жаңылык укпай калдыкко
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан