26-июлдан 29-июлга чейин өлкөдө мээ кайнаткан ысык орун алат

26-июлдан 29-июлга чейин республиканын көпчүлүк аймактарында мээ кайнаткан ысык орун алат. Мындай маалыматты бүгүн, 22-июлда Кыргызгидрометтен билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-июлдан 29-июлга чейин Чүй өрөөнүндө абанын температурасы +37... +39 градуска чейин жетет. Ал эми Ош жана Жалал-Абадда абанын температурасы +38... +40 градуска жетери күтүлүүдө.

Буга чейин Кыргызгидромет 21-июлга чейин өлкөдө катуу ысык сакталып, абанын температурасы +38... +39 градуска жетерин маалымдаган. Андан кийин абанын температурасы 2-3 градуска төмөндөй турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2019-07-22 22:06:28
Кант берем деп алдагандай эле го аа жаш баланы.
Давно +50°с болуп мээ быркырап кайнап жатат го
+2
keba300989
2019-07-23 10:28:46
madina.87, Булар тоону айтып жатышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан