Нарында жергиликтүү тургунду айылдашы бензин куюп өрттөп жиберген

Нарын облусунун Байзак айылында жергиликтүү тургунду айылдашы бензин куюп өрттөп жиберген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгонун Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

"13-июлда Нарын шаарынын 48 жаштагы С.Г. аттуу тургуну милиция кызматкерлерине бир тууган агасын айылдашы өрттөп жибергенин айтып, арыз менен кайрылган. Анда 25-июнь күнү Байзак айылынын 55 жаштагы С.Д. аттуу тургунуна Алмаз деген айылдашы белгисиз себептерден улам бензин куюп, өрттөп жиберген. Алдын ала маалыматтар боюнча тургундар мас абалында болгон.

Натыйжада С.Д. денесинен 80 пайыз күйүк алып райондук ооруканага жеткирилген. Жабырлануучунун абалы оор болуп жаткандыктан туугандары аны Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүктөр бөлүмүнө алып келишкен. 12-июлда дарыгерлер бейтапка эч кандай жардам бере албай тургандарын айтып ооруканадан чыгарган. Туугандары жабырлануучуну Жумгалга алып келе жатканда ал жолдон каза болгон.

Маркумдун ата-энеси 90 жаштан ашкан кары адамдар болгондуктан өз убагында укук коргоо органдарына кайрыла алган эмес. Арызды маркумдун бир тууган карындашы жазган", - дейт маалымат кызматынан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан